11- Июнь 1910 -жылы Француз океанографы Жак Ив Кусто туулган
Аквалангды ойлоп тапкан француз океанографы Жак Ив Кусто Франциянын Бордо шаарында туулуп, 1997-жылы 25-июнда 87 жашында Парижде көз жумган.
Ислам динин кабыл алган көрүнүктүү окумуштуулардын бири Жак Ив Кусто. Ал Атлантика океаны менен Жер Ортолук деңизинин кошулган жеринде таза суу менен туздуу сууну бөлүп турган бир сызык бар экенин байкайт. Канча жылдан бери бири-бирине тийишип турган бул суулар эчак аралашып кетиш керек эле деп таң калган. Биринин температурасы төмөн, бириники жогору, биринин даамы жок, бири туздуу. Мындай кубулушту химия, физика сыяктуу бир дагы илим түшүндүрүп бере албаганын түшүнгөн Кусто ага чейин ислам динин кабыл алган досуна барып айтса, ал бул нерсе 1400 жыл мурун жазылган Курандын аятында бар экенин айткан. Жак Кусто ишенбей Курандын котормосун толук окуп чыгып, азыркы илимден 1400 жыл алдыга кеткен бул китепти адам баласы жазган эмес. Бул Алланын сөздөрү деп ислам динин кабыл алган деп айтылып келет.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан