29- Сентябрь 1955 -жылы Акын Бактыгүл Чотурова туулган
Акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Алыкул Осмонов атындагы республикалык адабий сыйлыктын ээси Бактыгүл Чотурова Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кара-Жыгач айылында туулган.
Бактыгүл Чотурова 1972-жылы ошол эле айылдагы "Кызыл-Жазы" орто мектебин бүтүргөн.
1979-жылы Кыргыз Улуттук университетинин филология факультетин аяктаган. Мугалимдик кесипте бир нече жылдар бою эмгектенип, 1990-1995-жылдары Токтогул райондук "Учкун" гезитинде кабарчы, бөлүм башчы болуп иштеген.
1996-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик телерадио корпорациясынын "Манас" студиясында редактор, ал эми 1997-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Туусу" гезитинде кабарчы, бөлүм башчы болуп эмгектенген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан