21- Октябрь 1927 -жылы Төкмө жана жазма акын, комузчу, темир комузчу, обончу Токтосун Тыныбеков төрөлгөн
Төкмө жана жазма акын, комузчу, темир комузчу, обончу Токтосун Тыныбеков Аксы районунун Тегене айылында туулган. Караганды шаарындагы ФЗОнун эки айлык курсунда окуган. Эмгек жолун Карагандыдагы шахталарда шахтёр болуу менен баштап, 1946-жылдан тартып башталгыч мектепте мугалим, райондук Маданият үйүнүн директору, 1949-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Т.Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында солист болуп иштеген. Төкмөлүк өнөрдү Барпы Алыкулов менен Калык Акиевден үйрөнүп, өнүктүргөн. Ал өмүрүндө бир нече ырлар, айтыштар, жомоктор, эскермелер жыйнактарын чыгарган. Комузда атактуу Ниязалынын жана башка комузчулардын күүлөрүнөн черткен. Ооз комузда да чебер ойногон, кыл кыяк тарткан. Обон чыгарып, лирикалык ырларды аткарган. Москвада өткөн жаштар жана студенттердин Бүткүл дүйнөлүк 6-фестивалынын лауреаты жана Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти. "Ардак Белгиси" ордени, медалдар жана Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйланган. Токтосун Тыныбеков 1982-жылы 55 жашында каза болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан