25- Ноябрь 1935 -жылы Жазуучу, котормочу Раимбек Абдиев туулган
Жазуучу Раимбек Абдиев Жети-Өгүз районунун Даркан айылында туулган. Фрунзе шаарындагы А.С.Пушкин атындагы №5 кыргыз орто мектебин, 1961-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн бүтүрүп, райондук, облустук, республикалык массалык маалымат каражаттарында кабарчы, адабий кызматкер, бөлүм башчы, башкы редактордук кызматтарды аткарган. 1982-1983-жылдары Кыргыз ССР Министрлер Кеңешинде жооптуу кызматта иштеген. Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясында ММКлар жана коомдук уюмдар боюнча иштеп, 1996-жылы ардактуу эс алууга чыккан. Макалалары, фельетондору, очерктери, аңгемелери басма сөз беттерине жарыяланган жана бир катар радио-телеберүүлөрдү уюштурган. Француз классиги А.Доденин "Балакай" романын жана орус, украин, казак жазуучуларынын чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Кыргыз улуттук телерадио компаниясынын Алтын казынасында Р.Абдиевдин көп актылуу пьесалары сакталган. 1971-жылдан баштап СССР Журналисттер, 2009-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү. Жарык көргөн китептери: "Коммунисттин максаты" , "Күжүрмөндөр менен бирге", "Кыргызстан", "Абийир", "Таазим", "Алай закымдары", "Үмүт" жана башка.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан