23- Январь 1907 -жылы
япониялык физик Хидеки Юкава туулган
Япониялык физик Хидеки Юкава Токиодо туулган. Хидеки Юкава физика жаатында изилдөө иштеринен сырткары Япониядагы бир катар жогорку окуу жайларда жана АКШдагы окуу борборлорунда физикадан сабак берген. 1949-жылы мезондордун бар экенин алдын ала айткандыгы жана ядролук күчтөрдүн табиятын изилдегендиги үчүн "Нобель" сыйлыгына арзыган. Хидеки Юкава Японияда биринчилерден болуп бул жогорку сыйлыкка ээ болгон.