4- Февраль 2011 -жылы
советтик жана орусиялык жазуучу, драматург, сценарист Владимир Кунин каза тапкан
Советтик жана орусиялык жазуучу, драматург, сценарист Владимир Кунин 86 жаш курагында Мюнхенде көпкө созулган оорудан улам каза болгон.
Чечётка бийи боюнча бийчи болууну самап, ал максатына жетпей калган Владимир Кунин жазуучу болуп, көптөгөн роман, повесттерди жазган. Анын чыгармаларынын негизинде 30дан ашуун тасмалар тартылган. Мисалга алсак, режиссёр Виктор Сергеевдин "Кенч" ("Клад") тасмасы, Павел Чухрайдын "Сен кээде эстеп тур" ("Ты иногда вспоминай"), Алла Суракованын "Акылсыздар" ("Чокнутые") фильми жана башка.