28- Март 1483 -жылы италиялык сүрөтчү Рафаэль туулган
Атактуу италиялык сүрөтчү Рафаэль Италиянын Урбино шаарында төрөлгөн. Атасы Жованни Санти орто заар сүрөтчү болгон. Баласы коларага жарап калганда Жованни аны сүрөтчүлүккө тарта баштайт. Рафаэлде сүрөт өнөрүнө болгон шык оозунан буума экенин түшүнгөн атасы ошо кездеги живописчилердин анабашы Пьетро Перуджиге тапшырат. Көп узабай Рафаэль устаты Перуджинин стили менен келиштире тартканга өтөт. Көргөндөр кимисинин сүрөтү кайсы экенин билбей калган деңгээлге жетет.
1504-жылы Рафаэль Флоренцияга жол тартат. Флоренция мезгилине таандык "Бала көтөргөн Мадонна" картинасына ар кандай көз карашта 10 жолу кайрылган. Рафаэль картина гана тартпастан, көптөгөн аксарайдын дубалдарына, шыпка пайгамбарларга арналган эмгектерин жараткан. Ватикан аксарайында эле 52 учурду баяндаган фрескаларды тарткан.
Анын "Сикстиналык Мадоннасы" кайсы жактан караба, христиандык искусствону чагылдырган эң алдыңкы чыгарма.
Андан тышкары Рафаэль архитектура өнөрүнөн да кур эмес болгон. Ал курган көптөгөн чиркөөлөр, капеллалар Италиянын ар кайсы шаарларына салынган. Анын акыркы тарткан картинасы толугу менен бүтпөй калган. Үстү жагын өзү тарса, ылдый жагын шакирттери бүтүргөн.
Рафаэль Санти 1520-жылы 6-апрелде Римде көз жумган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан