28- Март 1986 -жылы америкалык ырчы, музыкант, обончу Леди Гага төрөлгөн
Америкалык ырчы, музыкант, обончу “Грэмми” сыйлыгынын 5 жолку ээси Леди Гага АКШнын Йонкерс шаарында туулган. Ырчынын толук аты-жөнү Стефани Жоанн Анжелина Жерманотта. Анжелинанын музыкага болгон сүйүүсү кичинекей кезинде эле байкалган. Себеби атасы да кайсы бир ансамблдин ырчысы болгон. Бирок атасынын кошумча иши болгондуктан, музыканы хоббисиндей эле кабыл алчу. Атасы үйүнө Дэвид Боуи, Мадонна, Майкл Жексон сыяктуу аттуу-баштуу ырчылардын ырларын алып келип койгондо, Анжелина кунт коюп укчу. Маалыматтар боюнча Анжелина 4 жашында фортепьянодо өз алдынча ойноп, атасын таң калтырган. Ата-энеси кызынын музыкага болгон кызыгуусун байкап, атайын музыкалык багыттагы мектепке беришкен.
Мектепти аяктап Нью-Йорк шаарындагы Нью-Йорк университетинин искусство бөлүмүнө тапшырган. Студент кезинде ата-энесинен жардам албай өз алдынча акча табуу жолун издейт. Ошентип, шаардагы түнкү клубдардын биринде официант болуп иштеп, кийинче­рээк стрипбарда бийлеп калат. Бул иши жөнүндө ата-энеси көпкө чейин билген эмес. Бирок бир күнү атасы кызынын түнкү клубда жарым жылаңач бийлеп, элдин көңүлүн ачып жатканына күбө болуп калат. Ошондо Анжелина атасына “бул менин жашоом, мен өзүм билгендей жашайм” деп коёт. 
Көп өтпөй баңги­затын колдоно баштайт. Ал абалдан чыгуусуна атасынын карындашы Жоаннанын өлүмү себеп болгон. Эжеси 19 жаш курагында дүйнө салган. 
Леди Гага 2006-жылы Фьюзари Роби аттуу продюсер менен таанышып, чогуу иштешип калат. Роби Анжелинага сахнага өз ысымы менен эмес, Леди Гага деген лакап ат менен чыгууну сунуштаган. 2008-жылы сары чачтуу саркеч кыздын талантын, өзгөчө стилин Голливуддун супер жылдыздары Ферги, Бритни Спирс, Мадонна сыяктуу ырчылар баалап, ыр жазып берүүнү өтүнүшөт. Гага мындан, албетте, баш тарткан эмес.
Ошентип Леди Гага атактуулукка жетип, “Just Dance“ (“Жөн эле бийле”), “Poker Face“ (“Таанылгыс жүз“) ж.б. көптөгөн хит ырларды жараткан. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан