21- Октябрь 1969 -жылы "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов туулган

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов 1969-жылы 21-октябрда Фрунзе шаарында туулган. Ал 1995-жылы Бишкек гуманитардык университетинин орус тили жана адабияты факультетин бүтүргөн. 2003-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин бүтүрүп, юридикалык билимге ээ болгон. 2013-жылы Орусиянын президентинин алдындагы эл чарбачылыгы жана мамлекеттик кызмат боюнча академиясын "мамлекеттик кызмат жана кадр саясаты" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун 1999-жылы Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда сот аткаруучу кызматынан баштаган.

2002-жылы өкмөттүн алдындагы Жерди жана кыймылсыз мүлктү каттоо боюнча башкы башкармалыгынын жерге жайгаштыруу боюнча бөлүмүнө башкы адиси болуп иштеген.

2003-2004-жылдары Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда иштеген.

2004-жылы Жогорку Соттун аппаратынын жарандык иштер боюнча бөлүмүнө улук консультант кызматына которулган.

2005-2007-жылдары Жогорку Кеңештин спикеринин жардамчысы болуп иштеген.

2010-жылдын өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагалыгына дайындалган.

2011-жылдын мартынан 2011-жылдын декабрына чейин Эсеп палатасынын аудитору болуп иштеген.

2011-жылдын декабрынан 2015-жылдын февралына чейин юстиция минстри кызматын ээлеген.

2015-жылдын "Ата Мекен" партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Учурда "Ата Мекен" фракциясынын лидери.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан