23- Март 1966 -жылы 5-чакырылыштагы "Республика" фракциясынан Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Урмат Аманбаева туулган
5-чакырылыштагы "Республика" фракциясынан Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Урмат Аманбаева Ош областынын Кара-Кулжа районундагы Көңдүк айылында туулган.
Жогорку билимдүү, 1983-жылы Ош соода техникумунун "бухгалтер" адистигин, 1987-жылы КМУУнун экономика факультетин, 2005-жылы КМЮАнын юридика факультетин бүтүргөн.
Урмат Аманбаеванын эмгек жолу:
1983-1987-жылдары – Фрунзе заводу, жумушчу
1987-1988-жылдары  – "8-март" атындагы фабриканын жумушчусу
1988-1995-жылдары  – Бишкек шаарындагы Жаш көрүүчүлөр театры, башкы бухгалтер
1995-2000-жылдары  – Ош шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери үчүн атайын ооруканасы, башкы бухгалтер
2000-2004-жылдары  – Ош облустук кургак учукка каршы балдар ооруканасы, башкы бухгалтер
2004-жылдан 2010-жылдын ноябрына чейин Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борбору, башкы бухгалтер
2010-жылдын октябрында "Республика" партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин депутаты болуп шайланып, Жогорку Кеңештин Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болгон.
Ал эми 2015-жылдын 23-январында Урмат Аманбаева мөөнөтүнөн мурда мандатынан ажыратылган. Ал Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана “Жогорку Кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамды одоно бузуу менен депутаттын ыйгарым укуктарына туура келбеген иштер менен алектенгени үчүн мандаттан ажыратуу сунушун буга чейин Башкы прокуратура сунуш кылган. Себеби Урмат Аманбаевага Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши ачылып, "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткан депутат мамлекетке 17 миллион 263 500 сом зыян келтиргени айтылган. Депутат Ош облусундагы Кургак учук менен күрөшүү борборунун башкы эсепчиси болуп турганда мыйзамсыз иштерди жасаганы маалымдалган. Бирок депутат өзүнө козголгон кылмыш ишин негизсиз деп билдирген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан