1- Март 1869 -жылы Дмитрий Менделеевдин элементтеринин мезгилдик системи түзүлгөн
Элементтердин мезгилдик системи — Дмитрий Менделеев элементтер мезгилдик законун таблица түрүндө туюнткан химиялык элементтер табигый классификациясы. И.Дёберейнер, Ж.Дюма, А.Шанкуртду, У.Одлинг, Ж-Ньюлендс. Л.Майер сыяктуу окумуштуулар химиялык элементтерди системге салууга аракеттенишсе да, элементтер айрым бир топ ичиндеги мыйзам ченемдүүлүгүн ачуу менен гана чектелишкен. Бул ачылыштарга таянып Менделеев 1869-жылы элементтер атом массасы жана химиялык окшоштуктарына негизделген системди сунуш кылган. Бул таблицада "ар бир химиялык элемент белгилүү гана бир орун алышы керек" деген пикир чоң мааниге ээ болгон жана кийинчерээк бир нече жаңы элементти ачууга алып келген. Германии, технеций, рений, полоний, гелий жана башка элементтер ачылышы Менделеев законунун негизинде алдын ала айтылган. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан