Советтер Союзунун баатыры, биринчи аял-космонавт, генерал-майор, коомдук ишмер Валентина Терешкова Орусиянын Ярослав облусуна караштуу Большон Масленниково кыштагында келгин беларустун үй-бүлөсүндө туулган. 1955-1960-жылдары Ярославль жеңил өнөр жай техникумунда сырттан окуп, 1959-жылдан тартып Валентина Терешкова Ярославлда парашют спорту менен алектене баштаган. Ошол эле учурда текстиль ишканасында жумушчу болуп иштеген.