14- Октябрь 1924 -жылы РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөн
Бүткүл Союздук Борбордук Аткаруу комитети Кара-Кыргыз автономиялык облусунун уюшулушу туурасында токтом кабыл алган.
Автономиялык облустун РСФСР курамында чектелген административдик бийлик менен уюшулганына карабастан, кыргыз калкы биринчи жолу мамлекет түптөөгө жолдомо алган. Кыргыз автономиялык облусунун өзүнө таандык аймагы белгиленип, түпкүлүктүү калк жашаган аймакта саясий жана маданий өнүгүүгө шарт түзүлгөн. 
Кыргыз калкы үчүн автономиялык биримдиктин уюшулушунун мааниси зор. Автономиялык облус алкагында кыргыз калкы укуктук жана саясий жактан өз алдынча мамлекет куруу мүмкүнчүлүгүнө жетишкен. Өз маалында Абдыкерим Сыдыков, Юсуп Абдрахманов сыяктуу саясатчылардын 1924-жылкы жасаган аракетинин акыбети 1991-жылы кайтып, кыргыз калкы өз алдынча эгемен Кыргыз Республикасын уюштурган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан