Президенттин коргоо, коопсуздук жана укук тартиби боюнча мамлекеттик экс-кеңешчиси, экс-башкы прокурор Сатыбалдиев Эльмурза Ракиевич Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Салам-Алик айылында туулган. 7 жашында Сузак районундагы Карл Маркс атындагы мектеп-интернатына кирип, орто билимди ошол жерден алган. Кийин балалык кездеги “прокурор болом” деген кыялын ишке ашыруу үчүн Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык бөлүмүнө тапшырган. Аны 1992-жылы аяктаган соң Жалал-Абад, Ноокен, Таш-Көмүр шаарларында прокуратурада иштейт.