19- Апрель 1965 -жылы Самбочу Эркинбек Үмөталиев туулган
2012-жылы Мароккодо өткөн самбо боюнча мелдеште Дүйнө чемпиону аталган Эркинбек Үмөталиев Талас облусунун Бакай-Ата районундагы 1-Май айылында туулган. 1979-жылы Талас шаарына барып, ал жактан спорттогу алгачкы кадамын таштаган. Алгач өспүрүмдөр арасында облустук, республикалык, союздук мелдештерде күрөшүп ийгиликтерди жаратса, кийин чоңдор арасында Азия биринчилигинде, эл аралык мелдештерде күрөшүп дагы көптөгөн ийгиликтерге жетишкен.
Чоң спорттогу 34 жылдык эмгегинин натыйжасында 2012-жылдын 18-октябрында Марокконун Касабланка шаарында өткөн Самбо боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнөлүк чемпиондукта алтын медалды багынтуу менен Дүйнөнүн чемпиону деп табылган. Андан соң 2013-жылдын 3-5-октябрында Болгариядагы Бургас шаарында өткөн ардагерлер арасындагы дүйнө биринчилигинде күмүш медалды багындырган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан