Баткен окуясынын катышуучулары Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүшкөн. Алар өздөрүнө мамлекет тараптан аз көңүл бурулуп жатканына нааразы экенин билдиришкен. “Мамлекет бизге салыштырмалуу Чернобыль кырсыгынын катышуучуларына жана 7-Апрель революциясынан жабыр тарткандарга көңүл буруп, камкордук кылууда. Алар ага татыктуу, бирок бизди унутуп калгандары калыс эмес”, - деген Баткендеги жоокерлер кеңешинин төрагасы Сатыбек Молдалиев.