27- Апрель 1969 -жылы Орусиялык ырчы, композитор Стас Михайлов туулган
Орусиялык популярдуу ырчы, композитор Стас Михайлов Сочиде туулган. 2010-жылы Орусиянын Эмгек сиңирген артисти деп табылган Стас Михайлов "Жылдын Шансону", "Алтын Граммофон", "Жылдын ырлары" сыйлыктарынын ээси. 
Стас Михайлов музыкалык мектепки кирип, бирок эки жума да окуган эмес. Ырчынын атасы, агасы учкуч болгондуктан Стас Михайлов да Минсктеги учкучтар окуу жайына тапшырып, бирок аны да аягына чыгарбай таштап койгон. Андан соң аскер кызматын өтөп, кийин чыгармачылыгын өнүктүрүү үчүн Москвага келген. 1992-жылы эң алгачкы "Шам" ("Свеча") деген белгилүү ырын жазган. 1997-жылы "Шам" ("Свеча") аталыштагы альбому жарыкка чыгып, андан соң "Сенсиз" ("Без тебя") ыры радиолордон кете баштаган. Ошентип ырчы катар катары менен хит ырларды жаратып, көптөгөн сыйлыктарга арзыган. 
Ал эми 2011-2012-жылдары ырчы Стас Михайлов "Forbеs" журналынын изилдөөсү боюнча "орус шоу-бизнесиндеги эң бай адам" деп табылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан