25- Апрель 2013 -жылы
Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Япониянын Кыргызстандагы элчиси Коикэ Такаюки менен жолуккан
Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Япониянын Кыргызстандагы элчиси Коикэ Такаюки менен жолуккан. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүшү талкууланган. Премьер-министр Япон жетекчилигине жана элине дипломатиялык байланыштын түптөлгөнүнөн баштап эле Кыргызстанга көрсөтүп жаткан жардамдары үчүн терең ыраазычылыгын билдирген.