25- Апрель 2013 -жылы Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Гидаят Оруджевди кабыл алган
Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Гидаят Оруджевди кабыл алып, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн мамилелерин өнүктүрө турган бир нече маселелерге токтолуп, эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгынын өнүгүшү тууралуу талкуу болгон. Ошондой эле жолугушууда кыргы-азербайжан бизнес-форумун өткөрүү жана “Стамбул-Баку-Бишкек” –  “Бишкек-Баку-Стамбул” аба каттамын ачуу тууралуу сүйлөшүүлөр болгон. Азербайжандын элчиси улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун 85 жылдык мааракесин өткөрүү үчүн Азербайжанда мамлекеттик деңгээлде даярдыктар көрүлүп жаткандыгын белгилеп, Жантөрө Сатыбалдиевди каалаган учурунда расмий иш-сапары менен Азербайжанга келип кетүүгө чакырган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан