25- Апрель 2013 -жылы
Жогорку Кеңеште “Кургак учукту бирге токтотобуз!” аттуу сүрөт көргөзмө болгон
Жогорку Кеңеште “Кургак учукту бирге токтотобуз!” аттуу сүрөт көргөзмө болуп, анда кыргызстандык сүрөтчү Светлана Зенстин эмгектери коюлган. Иш-чара ЖКнын Социалдык саясат комитетинин көмөгү менен, “Зыяндыкты азайтуу тармагы” ассоциациясынын, БУУнун өнүктүрүү программасынын жана СПИД, кургак учук, безгек оорулары менен күрөшүү Глобалдык фондунун демилгеси менен уюштурулган.