25- Апрель 2013 -жылы
24-апрелде болгон митингден кийин борбордук “Ала-Тоо” аянтынан 10 метр куб таштанды чыгарылган
24-апрелде болгон митингден кийин борбордук “Ала-Тоо” аянтынан 10 метр куб таштанды чыгарылган. Аянтты тазалоого 10 адам катышып, алар саат 6:00дөн 10:00гө чейин иштешкен. Ал эми катардагы күндөрү аянтты тазалоодо 4 жумушчу иштеп, 5 метр куб таштанды чыгарылары белгилүү болгон.
24-апрелде "Эл үнү" коомдук кыймылынын төрагасы Азимбек Бекназаровдун жетекчилиги алдында, 300гө чукул киши "Кумтөр" келишимин жокко чыгаруу жана аны чет элдик инвесторлорго бербөө талаптары менен борбордук аянтка митингге чыгышкан.