2- Апрель 2005 -жылы Рим Папасы Иоанн Павел II каза болгон
264-Рим Папасы Иоанн Павел II 85 жаш курагында дүйнөдөн өткөн. Аны менен коштошуу иш-чарасы Ватикандын Ыйык Пётр чоң чиркөөсүндө өткөн. Алгач Иоанн Павелдин сөөгү кипарис табытка салынган. Маркум өзү көз жумарда “сөөгүмдү сыз жерге койгула” дегенине карабай, аны жерге берерде кипарис табытты цинк табытка, аны эмен табытка салып, анан жерге беришкен. Ошентип, Рим Папасынын сөөгү 3 табыт ичинде калган. Акыркы сапарга узатуу зыйнатын дүйнө боюнча 150 телеканал түз чагылдырып, аны менен коштошуу үчүн жер шарынын ар тарабынан 2 миллиондой эл келген. Тартипке 15 миң аскер жана полиция кызматкерлери көз салган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан