7- Май 1896 -жылы Америкалык киши өлтүргүч Генри Холмс "Мояменсинг" түрмөсүндө асылып өлтүрүлгөн
Америкалык киши өлтүргүч Генри Холмс "Мояменсинг" түрмөсүндө асылып өлтүрүлгөн. 
Генри Говард Холмс ( чыныгы аты Генри Мажетт) – расмий түрдө катталган алгачкы жалданма адам өлтүргүч. 1861-жылы 16-майда Нью-Гемпширдеги айылда төрөлгөн. Бала чагында үй-бүлөсүндө ага катаал мамиле кылышкандыгы айтылып келет. Ал жаныбарларга эксперимент жасаганды жакшы көргөн. Вермонтедеги колледжде 1 жыл окуган соң Мичиган университетине тапшырган. Окуу жайдын лабораториясынан адамдардын жансыз денелерин уурдап чыгып, "өлүм кокустан болду" деп камсыздандыруучу каражат алууну максат кылган. Ал адам өлтүргөндөн кийин алардын документтерин камсыздандыруу компанияларына каттатып, кийин адамдардын сөөгүн алып барып акча алып турган. 
Холмс мейманкана курууну чечип, бир имарат сатып алган. Аны курулуш планы өзүнө гана белгилүү болушу үчүн бир нече жолу куруучуларды алмаштырган. “Коргон” деп аталган мейманканада эшик-терезе болгон эмес. Ал жерде иштеген аялдар, эс алганы келген эркектер ойноштору менен кыйноо менен өлтүрүлгөн. Сөөктөр иштелип чыккан соң медициналык мектептерге сатылган. Чикагодо 1893-жылдагы жарманке учурунда ал туристтерге бөлмө берип турган. Бул убакытта 50гө чукул туристтин жоголгону айтылган. Ал өлүм алдында коркпой турган түр көрсөтүп, бейкапар абалда болуп, 15 мүнөттүн ичинде өлгөн Холмс сөөгүн эч ким ала албашы үчүн цементтеп салууну сурангандыктан, анын керээзин аткарышкан. Ал 40-350гө жакын адамды өлтүргөн деп айыпталган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан