26- Май 2013 -жылы
Бишкекте Кыргыз Республикасынын президентинин Кубогуна арналган ат спорту боюнча эл аралык мелдеш аяктаган
Бишкекте Кыргыз Республикасынын президентинин Кубогуна арналган ат спорту боюнча эл аралык мелдеш аяктаган. Иш-чарага Кыргыз өлкөсү, Казакстан, Өзбекстан жана Орусиянын спортчулары катышкан. Кыргыз өлкөсүнүн атынан Юрий Воронин Атриум аты менен, Садыр Мамытов Куинтендро, Валентина Дуболазова Алтын-хан жана Ринат Галима Арман аты менен чыгышкан. Мелдештин жыйынтыгы менен Өзбекстандын командасы эң көп упай топтоп биринчиликти алса, орусиялыктар экинчи, кыргызт спортчулары 3-орунду ээлеген.