4- Февраль 1988 -жылы
телеалпаруучу Эркин Рыскулбеков туулган
Телеалпаруучу Эркин Рыскулбеков Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш шаарчасында туулган. 5 бир туугандын кичүүсү. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин коомчулук менен байланыш жана жарнама бөлүмүн бүтүргөн. Телевидениенин босогосун 2008-жылы аттаган. КТРКнын Жаштар редакциясында баяндамачы, телеалпаруучу болуп иштеген. Ал эми 2014-жылы "Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча "Жылдын ТВ персонасы" деп табылган.