17- Март 1936 -жылы Акын, адабиятчы, окумуштуу жана коомдук ишмер Салижан Жигитов туулган
Таланттуу акын, адабиятчы, окумуштуу жана коомдук ишмер Салижан Жигитов Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Көлдүк кыштагында туулган.
1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Кыргыз улуттук университетинин) филология факультетин аяктаган.
1965-жылы Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун аспирантурасын аяктаган.
Өзүнүн эмгек жолун Салижан Жигитов 1959-жылы Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштаган.
1961-1962-жылдары Кыргыз ССРинин Илимдер Академиясынын тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкер, ал эми 1979-жылдан тарта сектор башчысы болуп узак жылдар үзүрлүү эмгектенген.
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакторунун биринчи орун басары болуп да иштеген.
Салижан Жигитов Кыргыз Республикасынын президентинин кеңешчиси (1991-1993), Кыргызстандын Өзбекстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси (1993-1995), "Азаттык үналгысынын" Бишкектеги бюросунун жетекчиси (1995-1996), Кыргыз улуттук университетинин профессору, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Гуманитардык билимдер институтунун директору ж.б. кызматтарды аркалаган.
Салижан Жигитов 2003-жылы "Акыйкат жана прогресс" партиясына мүчө болуп өткөн, 2004-жылы "Жаңы багыт" коомдук саясий кыймылын уюштуруучулардын бири болгон.
Салижан Жигитов 300дөн ашык илимий жана адабий эмгектердин автору, жүздөгөн учкул сөздөрдүн, таамай айтылган тамашалардын, татынакай ырлардын да ээси. Анын азилдеринин нечени кагаз бетине түшө да элек.
Бир катар адабий сын изилдөөлөрүн жарыялап, Назым Хикмет, Мустай Карим сыяктуу атактуу акындардын чыгармаларын кыргызчага которгон.
Салижан Жигитов 1984-жылы илим жана техника жаатында Кыргыз ССРинин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон. Кыргыз улуттук илимдер академиясынын академиги наамы үчүн да ат салышкан, бирок анын диссертациясын кийин жактаган, ошол тапта чоң кызматтарды ээлеген окуучуларынан орун тийген эмес.
Салижан Жигитов 2006-жылы 10-февралда көз жумган. Маркумдун сөөгү 2006-жылы 13-февралда Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик көрүстөнүнө коюлган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан