18- Март 1929 -жылы Кыргыз ЖМКларында Таш-Рабат аттуу уникалдуу тарыхый эстеликтин ачылгандыгы тууралуу маалымат тараган
Кыргыз ЖМКларында Нарында Таш-Рабат аттуу уникалдуу тарыхый эстеликтин ачылгандыгы тууралуу маалымат тараган. Буга чейин илимге белгисиз эстелик Ат-Башы тоосунун арасында орун алгандыгы коомчулукка маалым болгон.
Уникалдуу эстеликке кыска аралыкта чара көрүлбөсө тарыхый мурас таштандыга айлана тургандыгы кабарланган. Маалымдоо каражаттарынын белгилөөсүнө караганда, жергиликтүү калк эстеликти сакташтын ордуна, аны мал сарайга айландырышкан. 
Ал эми Таш-Рабаттын пайда болуусу жөнүндө бир нече оозеки уламыштар айтылып келет. Алардын биринде ошол аймакта жашаган элдерге жараткан кылган күнөөлөрү үчүн катуу сел жөнөткөн экен. Элдин баары селден каза болушуп, арасында ошол кезде сыйынуучу жай (Таш-Рабатты) куруп жаткан ата-бала аман калыптыр. Чокон Валихановдун изилдөөлөрүнө караганда Таш-Рабатты XVI кылымдарда  Бухарадан баштап  Түркстандын бүт аймагын башкарып турган шейбан ханы Абдуллах хан курган. Бирок Ч.Валихановдун бул ойлору тарыхый, археологиялык далилдердин толук эместигинен так эмес деп табылган. Таш-Рабаттын 40-41 бөлмөсү жөнүндө да өзүнчө уламыш айтылып жүрөт. Бөлмөлөрдү санасаң кээде 40, кээде 41 болуп эч качан саны бирдей чыкпайт. Мунун себеби ошол убакта душмандардан коргонуу үчүн бир бөлмөсү атайын табышмактуу жол менен курулуп, хандын көрүнбөй бекинип калуусу үчүн шарт түзгөн дешет.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан