18- Март 1976 -жылы
бразилиялык актриса Жованна Антонелли туулган
"Клон" сериалында Жадинин образын жаратып, таланты менен көпчүлүктүн купулуна толгон бразилиялык актриса Жованна Антонелли Рио-де-Жанейродо төрөлгөн. Актрисанын атасы белгилүү опера ырчысы, ал эми апасы мыкты балерина болгон. 11 жашынан тарта кичинекей Жованнинин таланты ачылып, балдар театрында ролдорду жарата баштайт. Алгач “Тропиканка” аттуу теленовеллада тартылып, көп өтпөй сериалдарга чакыруу ала баштайт. Ал эми актрисалык алтын таажыны 2001-жылы “Клон” сериалына тартылганда тагынган. Учурунда бул сериал 90дан ашык өлкөдө популярдуу болгон.