13- Сентябрь 1931 -жылы
Физик, математик Мурзабек Иманалиев туулган
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Теориялык жана прикладдык математика институтунун директору, физика-математика илимдеринин доктору, профессор жана академик, СССР Илимдер Академиясынын мучө-корреспонденти Мурзабек Иманалиев Кемин районунун, Кайыңды айылында туулган. Кыргызстан мамлекеттик университетин (КМУ), КМУдан, МГУдан аспирантураны бүтүргөн. КМУда доцент, Фрунзедеги политехникалык институтта (ФПИ), проректор, КМУда ректор, Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын президенти болуп иштеген. 1984-жылдан тартып ушул эле илимдер академиянын математика институтунун директору болгон. Математика жана математикалык физика боюнча чоң адис. 200дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинен 5 монографиясы жарыяланган. Анын жетекчилиги менен 32 кандидаттык, 4 доктордук диссертация жакталган. Республиканын илимине эмгеги сиңген ишмер. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.