10- Июль 1957 -жылы Орусиялык актёр Юрий Стоянов туулган
Орусиялык комедия жанрындагы актёр Юрий Стоянов Одессадагы Бородино кыштагында туулган. Үй-бүлөсүндө актёрлук кесипке жакын адамдар жок болгонуна карабастан Юра актёрлук чеберчилигин 2-классынан баштаган. 1978-жылы Мамлекеттик Театр жана Сахна институтун бүтүргөн.
Юрий Стоянов кинодогу чеберчилигин алгач "Анекдоттор" деген аталыштагы кинокартинкага тартылуу менен көрсөтө алган. Театрда иштеп жүргөн кезинде 1989-жылы болочоктогу кесиптеши Илья Олейников менен таанышкан. Экөө ошо таптан баштап "Ландыше Серебристом", "Заяц над бездной" сыяктуу тасмаларда ири ролдорду ойной башташкан.
1990-жылдан тарта Юрий Стоянов теле жаатына аралашып, 1993-жылы "Шаарча" телекөрсөтүүсүн Илья Олейников менен бирге ачып, ошондон баштап көрсөтүүнүн режиссёру, актёру, сценарийдин автору, монтажёру, айдоочусу, тартуу тобунун бир эле учурда периштеси жана эң жаман адамы болуп эмгектенип келген.
2012-жылы Илья Олейников дүйнөдөн кайтып, Юрий Стоянов "Шаарча" телекөрсөтүүсүн токтоткон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан