21- Октябрь 1978 -жылы Советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Анастас Микоян каза болгон
Советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер, Сталиндик репрессиянын уюштуруучуларынын бири аталган Анастас Микоян 82 жашында Москвада каза болгон.
Анастас Микоян 1895-жылы 25-ноябрда туулган. Тбилисидеги Армян диний семинариясын бүтүргөн. 1915-жылы РСДРПге кирген. 1-дүйнөлүк согушта Кавказ армиясынын курамында согушкан. Февраль революциясынан кийин Бакуда, Тифлисте партиялык үгүт иштерин жүргүзгөн. 1917-жылы Кавказ крайлык большевиктик уюмунун 1-съездине делегат болгон. 1917-жылы ноябрдан РКП(б)нин Баку комитетинин президиумунун мүчөсү, "Социал-демократ", "Баку советинин кабарлары" гезиттеринин редактору болгон. 1918-жылы марттан мусаватчылардын контрреволюциялык козголоңун басууга катышкан. Баку коммунасы кулаган (31.07.1918) соң, РКП(б)нин жашыруун обкомунун төрагасы, 1919-1920-жылдары Бакуда, Нижний Новгороддо партиялык жетекчи кызматтарда иштеген. 1922-1924-жылдары Ростов-на Донуда РКП(б) БКнын түштүк-Чыгыш бюросунун, 1924-1926-жылдары РКП(б)нин Түндүк Кавказ крайкомунун секретары, Түндүк Кавказ аскер округунун Революциялык аскер советинин мүчөсү, 1926-1930-жылдары СССРдин ички жана тышкы соода, 1930-1934-жылдары жабдуу, 1934-1938-жылдары азык-түлүк өнөр жай, 1938-1949-жылдары тышкы соода эл комиссары, 1953-жылдары март–август айларында СССРдин ички жана тышкы соода, 1953-1955-жылдары соода министри болгон. Ошол эле мезгилде СССР ЭКСтин төрагасынын орун басары (1937-, 1953-жылдары март; 1954–55), 1955-1964-жылдары СССР Министрлер Советинин төрагасынын 1-орун басары, 1964-1965-жылдары СССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы жана 1965-жылдан 1974-жылга чейин мүчөсү болгон. Кызыл Туу, 6 Ленин орден менен сыйлаган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан