21- Октябрь 1980 -жылы Америкалык фотомодель, актриса Ким Кардашян туулган
Америкалык фотомодель, актриса Ким Кардашян Лос-Анжелесте туулган. Анын чыныгы аты Кимберли Ноэль. Атасы белгилүү адвокат Роберт Кардашян, апасы Крис Женнер учурда анын менеджери. 2006-жылы интернетке  Ким Кардашяндын интимдик видеосу тарап, көпкө чейин өчүрүлбөй жүргөн. Бул окуя аны атактуулукка жеткирген. Чыгармачылыкка жолун 2007-жылы өзүнүн үй-бүлөсү менен "Keeping Up with the Kardashians" реалити-шоуна катышып баштаган. 2010-жылы реалити-шоуго катышкандардан эң кымбат жылдызы катары 6 миллион доллар таап, анын 10 пайызын кайрымдуулукка жумшаган. 2011-жылы бир тууган эжеси  Кортни Кардашян менен жаңы реалити-шоу баштаган. Актриса катары 2008-жылы "Болбогон блокбастер" тасмасына тартылып, начар аткарылган ролу үчүн "Алтын малина" сыйлыгына ээ болгон. Бул тасмадан кийин көптөгөн сериалдарда жана тасмаларда роль жараткан. 2007-жылы "Playboy" журналына сүрөткө түшкөн. 2008-жылы Bongo Jeans кийим фирмасы менен келишим түзүп иштей баштаган. Бүгүнкү күндө (2016) DASH кийим дүкөндөрүнүн ээси. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан