Ырчы, комузчу Кундуз Таштаналиева Талас облусундагы Манас районуна караштуу Чоң-Капка айылында төрөлгөн. Мектепти аяктаган соң Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерваторияга тапшырып, элдик ыр бөлүмүн аяктаган. Ырчынын репертуарындагы ырлар – "Сакта", "Түшүмө кирдиң түндө сен", "Күтүлбөгөн жаз" жана башкалар.