5- Июль 1989 -жылы Диктор Мирзат Муканов туулган
"Санжыра" радиосунун жаңылыктар бөлүмүнүн редактору, "Өзгөчө пикир" теледолбоорунун автору, НТС каналынын диктору Мирзат Муканов Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кең-Суу айылында туулуп, ошол эле айылдагы Т.Сыдыкбеков атындагы орто мектепти бүтүргөн. Мектепти бүтүргөн соң Каракол шаарындагы Касым Тыныстанов атындагы ЫМУнун филология, педагогика жана журналистика факультетине тапшырып, 2011-жылы ийгиликтүү аяктаган. Эмгек жолун студент кезинен эле баштаган. Алгач Ысык-Көл ОТРКсында диктор болуп иштеген. Анан КТРКда "Акцент", "Эл билгиси келет" программаларын, кийин НТС телеканалында "Өзгөчө пикир" ("Особое мнение") ток-шоусун алып барган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан