25- Ноябрь 1783 -жылы
Британиянын аскерлери Американын аймагынан чыгарылган
АКШ көз карандысыздыкты аларда британиялык колониялардан түзүлгөн он үч гана штаттан турган.
Көз карандысыздыгын жарыялаган соң америкалыктар Улуу Британия менен эки жолу согушкан. 1783-жылкы сегиз жылдык согушуудан кийин Париждеги тынчтык келишиминен кийин Улуу Британия расмий түрдө АКШнын көз карандысыздыгын жарыялап, аскерлерин Американын аймагынан биротоло чыгарган. Бирок 1815-жылы англо-америка согушунун акырына чейин Улуу Британия АКШга каршы болгон союздаш индеецтерге жардамын берип келген.