24- Март 2001 -жылы Актёр, Кыргыз ССР эл артисти Советбек Жумадылов каза болгон
Актёр, Кыргыз ССР эл артисти Советбек Жумадылов 68 жаш курагында каза болгон.
Советбек Жумадылов 1932-жылы Түп районунун Арал айылында туулган. Пржевальскидеги (азыркы Каракол) педагогикалык окуу жайын, А.Островский атындагы Ташкен мамлекеттик театрдалдык институтун бүтүргөн. 1953-жылдан Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын артисти болуп иштеп келген. Ал каармандардын ички сырын, социалдык маңызын ачып, жекече мүнөз таба билген актёр. Ал өмүрүндө өтө көп ролдорду аткарган. Кинофильмдерге да эң сонун образдардан түзгөн. Ал 1991-жылга чейин театрда 70ке, кинофильмдерде 50гө жакын ролдорду аткарган. М.Рыскулов атындагы Республикалык сыйлыктын ээси, ошондой эле медалдар, Кыргыз Республикасынын Ардак грамоталары менен сыйланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан