19- Апрель 1937 -жылы Филиппиндин мурдагы президенти, вице-президенти жана киноактёр Жозеф Эхерсито Эстрада төрөлгөн
Филиппиндин 1998-2001-жылдардагы президенти, 1992-1998-жылдардагы вице-президенти жана киноактёр Жозеф Эхерсито Эстрада төрөлгөн. Жозефтин өз аты-жөнү Хосе Марсело Эхерсито болгон. Ал 20 жашында актёр болуп, өз атын өзгөрткөн. Ал филиппиндердин “Эң мыкты актёр” сыйлыгынын 5 жолку ээси боло алган. Саясатка 1967-жылы аралашып, өзү жашаган Сан-Хуан шаарынын мэри болуп шайланган. Бул кызматында 16 жылдан ашык убакыт эмгектенип, 1987-жылы сенатор болуу менен маданий коом комиссиясынын, айыл аймактарын өнүктүрүү жана коомдук иштер комитеттеринин төрагасы боло алган. Филиппиндин президенти болуп 1992-жылы шайланган жана 1998-жылы өлкөнүн президенттигине 10 башка талапкер менен катар ат салышып, жеңишке жетишкен.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан