19- Апрель 2010 -жылы Маевка айылында жер талаш болуп, кыргыздар менен түрктөрдүн кагылышуусунан улам 5 адам каза болгон
Чүй облусундагы Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылындагы жер талаш, кыргыздар менен түрктөрдүн ортосундагы чуулгандуу окуяга айланган. Анын кесепетинен улам 5 адам каза болгон. Анын ичинде бирөө казак, дагы бири Азербайжан жараны экени аныкталган. Мындан сырткары, Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген маалыматы боюнча 29 адам ооруканага жеткирилген. Жаракат алгандардын 10у коопсуздукту сактоо кызматкерлери болушкан. Ошондой эле Маевка айылында жашаган айрым түрк улутундагы тургундардын турак жайлары өрттөлүп жана ИИМдин 3 машинасы толугу менен жарактан чыккан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан