26- Апрель 2013 -жылы “Казакстан коммунисттери” кыймылынын лидери Андрей Цуканов өлкөнүн Эмгек жана социалдык коргоо министри Серик Абденовду жумуртка менен уруп жиберген
Маалымат жыйын учурунда Казакстандын Эмгек жана социалдык коргоо министри Серик Абденовду аталган өлкөдөгү “Казакстан коммунисттери” кыймылынын лидери Андрей Цуканов жумуртка менен уруп жиберген. Окуядан көп өтпөй Цуканов Казакстандагы мусулмандар биримдиги тарабынан “Жылдын адамы” деп аталган. Мындан сырткары аталган биримдик Цукановдун ысымын Алматыдагы акимиаттардын бирине берүү жана шаардагы Фурманов атындагы көчөнү Андрей Цукановдун ысымына өзгөртүүнү сунуштаган. Муну менен катар "Цуканов Казакстандын Эмгек жана социалдык коргоо министри болсун" деген талап жазылган кат өлкө президенти Нурсултан Назарбаевге жөнөтүлгөнү белгилүү болгон. Цуканов министрди жумуртка менен уруп жатып "Алматыдан салам! Өлкөнү шылдың кылбагыла" деп кыйкырган. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан