27- Апрель 1991 -жылы "Чоро" тобунун солисти Нурболот Теңизбек туулган
Этно-эстрадалык “Чоро” тобунун башкы солисти Нурболот Теңизбек Нарын облусундагы Учкун айылында туулган. Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайды аяктаган соң Кыргыз улуттук консерваториясына тапшырган.
Чоң сахнага алгачкы жолу 8-классында, андан кийин сахнага 2011-жылы "Супер стар" долбоорунда чыккан. Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайды бүтүп жаткан кезинде"Чоро" тобу түзүлүп, Нурболот Теңизбек ал топко солист болуп кирген. Топ түзүлгөн жылы эле "Фрунзе лайф" аттуу ретро сынакты жеңип, бир жылдан кийин "Супер-Инфо" гезитинин "2012-жылдын супер тобу" деген наамын алган. Ал эми 2013-жылы Түркиянын Эскишехир шаарында “Turkvizyon-2013” Эл аралык сынагы өтүп, "Чоро" тобу 24 мамлекеттин ичинен 7-орунду багындырып кайткан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан