25- Апрель 1928 -жылы Советтик актёр Юрий Яковлев туулган
Советтик актёр Юрий Яковлев Москвада туулган. Актёр Юрий Яковлевди алгач ВГИКке (Бүткүл союздук кинематография институту) "киного жарабайсың" деп албай коюшкан. Актёр болуу тилеги күч жигит Щукин атындагы театралдык училищеге тапшырат. Ал жактан 1-курста актёрдук чеберчиликти "2" деген баага аяктагандыгына байланыштуу окуудан айдалмакчы болуп, мугалиминин "бул жигитти оңдойм" деген кепилдиги менен калат. Андан соң Вахтанг атындагы Академиялык театрды аяктап, 1953-жылы актёрлук карьерасын баштаган.
Юрий Яковлев тартылган тасмалары – "Иван Васильевич кесибин өзгөртөт" (падыша Иван Грозный), "Тагдырдын тамашасы же жеңил парыңыз менен!", "Тагдыр тамашасы. Уландысы" (Ипполит) жана башкалар.
Жараткан ролдору үчүн Юрий Яковлевге 1976-жылы СССРдин Эл артисти наамы берилсе, 1979-жылы СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, 1988-жылы Ленин ордени, 1995-жылы РФнын Мамлекеттик ордени жана башка сыйлыктарга ээ болгон.
Актёр 2013-жылы 30-ноябрда 85 жашында көпкө созулган дарттын айынан ооруканада каза тапкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан