25- Апрель 1958 -жылы Тарыхчы Нарынбек Алымкулов туулган
Кыргыздын заманбап тарыхчы окумуштуусу жана педагогу, доцент, тарых илиминин кандидаты Нарынбек Алымкулов Нарын облусундагы Нарын районуна караштуу 8-март айылында туулган.
Нарынбек Алымкулов 1976-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Кыргыз Улуттук университетинин) Тарых факультетине тапшырган. Ал жерде ал кыргыздын башка тарыхчылары Аалыбек Акунов, Муратбек Кожобеков, Мухаммед Мытыев, Жамбила Самиева, саясатчы айымдар Чолпон Жакупова, Замира Акбагышева, акын Алтын Акпарова, жана башкалар менен чогуу окуган. Ал эми 1979-жылы Москвадагы Москва мамлекеттик университетинин Тарых факультетине которулган. Университетти аяктаган соң аспирантурада калып, тарых илимдеринин кандидаты илимий даражасын алган.
1980-жылдардын башынан тартып Кыргыз Улуттук университетинде, Борбордук Азиядагы Америка университетинде лекцияларды окуган.
Нарынбек Алымкулов 1989-жылы июнда Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын (1995-жылдан бери - Кыргызстан Тарыхчылар Коому) мүчөсү болгон.
Ал эми 1990-жылы Москва шаарындагы архивдерди иликтеп, Бишкек шаарынын тарыхый аталышын калыбына келтирүүдө чоң салым кошкон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан