26- Апрель 2009 -жылы Москва районундагы Петровка айылында улуттар аралык кагылышуу болгон
Москва районундагы Петровка айылында улуттар аралык кагылышуу болгон. Окуя “25 жаштагы Абдулла аттуу күрт жигит Настя аттуу 4 жашар кызды зордуктады” деген маалыматтын негизинде келип чыккан. “Мындай ишке жол берилбеши керек” деген кыргыздар күрттөр менен кагыша кетишкен. Күрттөр алардын үйлөрүн кыдырып, таш ыргыткандарга каршы ок атышкан. Жергиликтүү кыргыз жана орус улутундагы тургундар бардык күрт улутундагылардын 24 сааттын ичинде айылдан толугу менен көчүп кетишин талап кылышкан. Ошол кездеги Чүй облусунун губернатору Болоткан Кумаровдун маселени он күн ичинде чечүү сунушуна нааразылык билдиргендер макул болбой, он күн ичинде абал курчуп кетиши мүмкүн экендигин айтышкан. Бул чатакка катыштыгы бар делип 87 адам кармалып, 16 үйдүн терезеси, беш машина талкаланып, бир машина өрттөлгөн. Ок атышуунун негизинде үч адам ар кандай жаракат алган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан