25- Апрель 1947 -жылы Голландиялык футболчу жана машыктыруучу Йохан Кройф туулган
Голландиялык футболчу жана машыктыруучу Йохан Кройф Нидерландынын Амстердам шаарында туулган. “Аякс” футболдук клубунун футболдук академиясын жыйынтыктаган Кройф кезинде Голландия курама командасынын лидерине айланып, бир катар мелдештерде алдыңкы оюнчу катары команданы ийгиликтерге жетишкен. Курама команда менен ал 1974-жылкы Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль тагынса, 1976-жылкы Европа чемпиондугунда 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынган. Голландиянын формасы менен майданга 48 ирет чыгып, 33 ирет айырмаланган. Футболчу катары карьерасында голландиялык (“Аякс”, “Фейенорд”), испаниялык (“Барселона”, “Леванте”) жана америкалык клубдарда (“Лос-Анжелес Ацтекс”, “Вашингтон Дипломатс”) ойногон. 1965-жылы баштап, 1984-жылы аяктаган клубдук карьерасында Голландиянын чемпиондугун 9 ирет, испаниянын чемпиондугун бир ирет утуп алган. 
Карьерасын жыйынтыктаган соң машыктыруучулук менен алектенип баштаган. 1989-1996-жылдар аралыгында ал машыктыруучу катары катаондук “Барселона” менен Испания чемпиондугун 4 ирет (1991-1994-жылдар аралыгы), Европа Чемпиондорунун Кубогун 1 ирет (Азыркы Чемпиондор Лигасы, 1992) уткан. 2003-жылы УЕФА добуш берүүнүн негизинде акыркы 50 жылдагы Голландиянын мыкты футболчусу деп табылган. 2007-жылы “Аякс” клубу Кройф ойногон 14 номурдагы футболканы мындан кийин бир дагы футболчуга кийгизбей, анын урматына сактап коюну чечкен. 
Машыктыруучу катары ал учурда “Барселона” ойноп жаткан “тики-така” системи менен таанылган. “Футбол бул эң жөнөкөй оюн. 50 метр аралыкка пас берип, топту каршылаш командага тарттырып жиберүү коркунучунда калгандан көрө жакындагы өнөктөштөр менен топ алышып-беришип, топту командада сактап калуу маанилүү” деген ал бул тууралуу. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан