20- Май 1955 -жылы Актёр, режиссёр Эгемберди Бекболиев туулган
КРнын Эмгек сиңирген артисти, актёр, режиссёр Эгемберди Бекболиев Чүй облусунун Панфилов районундагы Букара деген айылда төрөлгөн.
Мектепти бүткөндө Кыргыз драма театрынын алдындагы студияга тапшырып, окуп калган. 1973-1975-жылдары Эгемберди Бекболиев Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп келет да, кайрадан окуусун уланткан.
1976-жылдан тартып ал Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына артисттикке кабыл алынган.
Театрда иштеп жатып эле, жогорку билимди сырттан алуу үчүн Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы театр жана сүрөт институтуна тапшырган. Бирок 1990-жылы Кыргыз мамлекеттик Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтуна которулуп, кийин 1993-жылы аны ийгиликтүү бүтүрүп чыккан.
Эгемберди Бекболиев "Чиркин өмүр", "Апамдын махабаты", "Үзүлбөгөн үзөңгү", "Президент жана бомж" ж.б. тасмаларда роль жараткан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан