Ооганстандагы террорчулардын туткунунан бошотулган кыргызстандык учкуч Нургазы Конушбеков мекенине келген. Президенттин атайын тапшырмасы менен ведомстволор аралык түзүлгөн жумушчу тобу 28-майда Конушбековду бошотуу үчүн "Талибан" кыймылынын жетекчилиги менен Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдүн биринде жолуккан. Талибдер эч кандай акча талап кылбай, Конушбековду бошотууга макул болушкан. Учкучту талибдер мусулман болгондугу үчүн азат кылышкан. Туткундагы 7 түрк жараны да буга чейин коё берилип, алардын колунда орус улутундагы жана ооган учкучтары калган.
47 жаштагы учкуч Нургазы Конушбеков менен кошо 9 чет өлкөлүк жаран 22-апрелде Ми-8 тик учагын Логар провинциясында авариялык кондурууга аргасыз болушканда талибдер барымтага алышкан.