12- Февраль 1881 -жылы Кыргыз өлкөсү менен Кытайдын ортосундагы чек араны тактоо маселеси Санкт-Петербург келишиминде аныкталган
Кыргыз өлкөсү менен Кытайдын ортосундагы чек араны тактоо маселеси Санкт-Петербург келишиминде аныкталган. Санкт-Петербург келишиминде буга чейин Чугучак Протоколунда белгиленген кыргыз-кытай чек арасында орун алган катачылыктар кайра каралып, айрым тактоолор киргизилген. 
Чугучак Протоколунда Орусия империясы менен Кытай мамлекетинин ортосундагы чек ара аныкталып, чек ара кызматы, консулдук алака, кыргыз-кытай соода мамилеси жана Кыргыздын аймагынан өткөн чек ара тилкеси тоо кыркалары, суу өрөөндөрү аркылуу өтө тургандыгы белгиленген. Ал үчүн эки тараптуу комиссарлар дайындалып, аларга Кашгардан Ферганага чейинки чекти тактап, чек ара белгилерин коюп чыгуу милдети жүктөлгөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан