12- Февраль 1925 -жылы Казак АССРинин курамында Каракалпакстан Автономиялык облусу түзүлгөн
Казак АССРинин курамында Каракалпакстан Автономиялык облусу түзүлгөн. Ал эми 1932-жылы автономдук республика болуп, 1936-жылы Өзбекстандын курамына кирген. Анын Өзбекстандын курамына кириши каракалпак жана Өзбек элдеринин ортосундагы эзелки достукту, аймак, тил жана маданияттагы биримдикти дагы да бекемдеген. 
Учурда Каракалпакстан Республикасы Өзбекистан Республикасынын курамындагы суверен республика. Борбору — Нукус. Каракалпакстан Республикасы өзбекстандын түндүк-батышында жайгашкан. Республикада 1,711,800 адам жашайт (2013 жыл). Калктын 1/3 бөлүгүн өзбектер (32,8 %), дээрлик ошончо бөлугун каракалпактар (32,1 %), калгандарын казактар (32,6 %) жана башка улуттун өкүлдөрү түзөт. Калктын 48,5 пайызы шаарларда, калган бөлүгү айылдарда жашайт.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан