1- Февраль 1926 -жылы Кыргыз Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасы уюшулган
СССР Бүткүл союздук борбордук Аткаруу комитетинин кабыл алган токтомуна ылайык, Кыргыз Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасы уюшулган. Кыргыз АССРинин курулушу 1925-жылдын ноябрь айында өткөн Кыргыз Автономиялык Облусунун III сессиясынын чечимине ылайык ишке ашырылган. Сеcсияда Автономиялык Союздук Республиканы уюштуруу чечими чыгарылган. Токтомдо каралгандай, Кыргыз АССРи мурда белгиленген чекте, РСФСР курамындагы федеративдик шартта куралган. Кыргыз АССР Элдик комиссарлар советинин биринчи төрагалыгына 25 жаштагы Жусуп Абдрахманов дайындалган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан