реклама
Супер-Инфодо жарнама
SUPER.KG порталында жарнама
Реклама в Супер-Инфо
Реклама на SUPER.KG

13-октябрь, 2008-жылы обончу-ырчы, дастанчы, төкмө акын Ашыраалы Айталиев көз жумган

Кыргызстан
Обончу-ырчы, дастанчы, төкмө акын, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, III даражадагы Манас орденинин ээси Ашыраалы Айталиев 81 жаш курагында дүйнөдөн өткөн.
Ашыраалы Айталиев 1927-жылы Кант районундагы Жедигер айылында туулган. Акындын ырга болгон кызыгуусу мектепте окуп жүргөн чагынан эле башталган. Ак таңдай акын Ашыраалы Айталиев кыргыз рухий көркөм дүйнөсүнүн келечегине кам көрүп, анын аракети менен Кыргызстанда жаш төкмө акындардын, манасчылардын мектеби ачылган.
Ашыраалы Айталиев төкмөлүк менен биргеликте ырчылыкты, дастанчылыкты да өнүктүрүп келген. Улуу таланттын “Жылкычы”, “Нарындан жазган салам кат”, “Ак шоокум”, “Оюнда кимдин гүлүсүң?” жана башка ырлары элдин сүйүктүү ырларына айланган.
 (9 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяныга кирди:

Окуялар:
8899;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2017 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
0,036188840866089